Күн санап ата мекендик тасмалардын саны өсүп келет. Кино адистери кыргыз киносунун жаңы доору башталды деп да белгилешүүдө.

«Курманжан датка», «Сүтак», «Асман алдында», «Көч» сыяктуу фильмдер удаасы менен чет өлкөлөрдү кыдырууда. Жаш режиссёрлор кыска метраждуу тасмалары менен четте калган жок.

сутак

«Жогорку деңгээлде тартылган ата мекендик тасмалардын 60,70 пайызы чет өлкөлөргө фестивалдарга барып сыйлыктар менен кайтып жатат. Алар Кыргызстанды таанытууга салым кошууда. Режиссёрлорго шык берүү жана кинолордун сапатын өстүрүү максатында «Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» жана «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы сыяктуу эл аралык конкурстар өткөрүлүүдө. Жаш режиссёрлор бара-бара өз жолун таап кетишүүдө», – дейт режиссёр жана оператор Акжол Бекболотов.

сен эмне

Акыркы мезгилдерде жаш режиссёрлордун тасмалары басымдуулук кылат.

«Кыргыз киносуда жакшы жылыштар бар. Жылына баш-аягы 40-50дөй тасма тартылат. Сандан сапатка өткөндү үйрөнүп жатабыз. Бирок кемчиликтер да жок эмес. Биринчиден, азыркы жаш киночулар сценарий жазууда жана актёр менен иштешүүдө аксап жатышат. Экинчиден, техника жетишсиз. Тартууга келгенде эле колго тийбей калып жатат» — деди драматург, сынчы жана кинорежиссёр Жаныш Кулманбетов.