Кыргызстанда бир топ уюмдар тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин АКШнын мамлекеттик департаментине орой жооп кайтарганы үчүн анын отставкасын талап кылышууда.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Saat.kgге билдирүүсү боюнча, АКШнын мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат деп сындаган.
“Министр болсо АКШга өзүңөрдүн Гуантанамоңорду билип алгыла деп орой жооп кайтарып отурат. Мен Эрлан Абдылдаевди жакшы тааныйм. Ал билимдүү, дипломатияны жакшы түшүнгөн инсан. Бирок АКШга жөнөткөн билдирүүсү дипломатияны түшүнбөгөн адамдын жообундай болуп калган. Анын тилинде жазылган эмес. Бизде оппозиция өкүлдөрүнүн камалып, сөз эркиндигине чектөө киргизилип жатканы жалганбы”, — дейт А. Абдирасулова.
Ал министрдин отставкасын ММКларга билдирүү таратуу менен талап кыла тургандарын кошумчалады.
Бул маселени колдогон уюмдар «Кылым шамы», «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы», «Прецедент», “Балдардын укугун коргоо лигасы”, “Ачык көз караш”, «Психикалык саламаттык жана коом».