“Өкөттүн 105 барак отчётун окугандан кийин, Темир Сариевди отставкага кетирбей, “Данк” медалын берүү керек”, — дейт ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров “Бир бол” фракциясынын жыйынында.

Анын айтымында, өкмөттүн отчётунда конкреттүү жыйынтык жок, жөн гана иш учурлары эле бар.

“Биз 9 өкмөттүн отчётун караганбыз. Тилекке каршы, бир дагы премьер-министр жеткиликтүү отчёт берген эмес. Көп материалдар берилген, бирок ишмердүүлүктүн жыйынтыгы, кемчиликтер каралган эмес. Пландалган иштер эмне үчүн аткарылбагандыгы тууралуу жооп алган эмеспиз. Мындай учурда отчёт берүү боюнча жаңы форматка өтүү керек экен тастыктап турат”, -дейт Жапаров.

Бөлүшүү