Бүгүн улуттук илимдер академияда “Оозеки салттагы адистик өнөрдү изилдөө маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
УИАнын вице-президенти, акадекмик Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, кыргыздын идеологиясы көөнө маданиятында жатат. Анын ичине салттуу музыка кирет.
Жумалыкты өткөрүүнүн демилгечиси “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондусу. Демилгени колго алган маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
Максаты — салттуу музыканын негизин түзгөн оозеки салттагы адистик музыкалык өнөрдү таанытуу, жайылтуу жана өркүндөтүү болуп саналат.