Кечээ Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен  “Азов” участкасынан түшкөн сел Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 18-22-чакырымында жолдун үстү менен агып, жеңил унаалар жол каттамысыз калган.

Унаа жол унаа жана байланыш министрлигинин №13 жолдорду эксплуатациялоочу мекемесинин балансында турат. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.

Бөлүшүү