Маевка айылында электр чордонунун корголуучу аймагынын ичине мыйзамсыз 20 ашуун турак-жай салынып кеткен.  

Мамэкотехинспекциянын маалыматы боюнча, узундугу 21,3 км түзгөн электр чордонунун түбүндө жана ага жакын аймакта мыйзамсыз курулуштар жана күнөсканаларды кездештирүүгө болот.

“Мыйзам боюнча кандай гана турак жай болбосун, 110 кв  электр чордондорунан 20 метр алыстыкта болуусу шартталат. Бирок, бул эрежелер Маевка айылынын тургундары тарабынан сакталбай жатат. Төмөндөгүдөй кайдыгерликтин айынан электр чордонун тейлеген ишканалардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар жаралып келет. Кокус “Кызыл аскер” электр чордонунда авариялык кырсык катталса мыйзамсыз үйлөрдүн ээлери биринчи кезекте жабыркайт. Андыктан тез арада электр чордондун астында жайгашкан үйлөрдү 20 метр алыстыкка жылдыруу талабы коюлуп жатат. Мыйзамсыз курулуштардын ээлерине эскертүүлөр берилген”, -деп мамэкотехинспекция баса белгилейт.

Мындан тышкары, тиешелүү мөөнөттө турак-жайлар ирээтке келтирилбесе, мамэкотехинспекция тарабынан мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгын эскертишет.