Иран болбогондо Дамаск менен Багдатты өзүнүн халифаттыгын кургусу келген «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу башкармак.

Бул туурасында Ирандын президенти Хасан Рухани айлана-чөйрө, дин жана маданият боюнча Тегеранда өткөн эл аралык семинарда билдирген.

Сүрөт: mynet.com
Сүрөт: mynet.com

«Экстремисттер Дамаск жана Багдат режимин кулатуу үчүн ар кандай террордук иштерди жүргүздү. Бирок Ирандын коңшуларга жардам берүү менен террордук топко каршылык көргөзө алдык. Эгер Иран болбогондо «Ислам мамлекети» курулуп, бүгүн бүтүндөй чөлкөм терроризм коркунучунда калмак», — деп кошумчалады ал.

Жалпысынан 2014-жылдын жай айында пайда болгон террордук топ менен бүгүнкү күнгө чейин 70 өлкөнүн жарандары бирге согушкан. Алардын арасында Орусия, Түркия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары алдыңкы катарларда болгон деп жазат mynet.com маалымат каражаты.