Шайлоо комиссиясынын билдирүүсүндө парламентке 5 пайыз  чектен өткөн партиялар бара алат.

Эсептөөөр боюнча 20 партиянын ичинен 4 бириккен коалиция парламентке өткөн. Премьер-министир жетектеген Александр Вучичтин Сербия «Прогрессивдүү» партиясы  27,25 пайыз  добуш менен алдыга чыккан. Жалпысынан аталган партия 49,30 пайыз добуш алат. Ал эми «Сербия социалистик партиясы»  — 12,10 пайыз, «Сербия радикалдар партиясы» — 7,94 пайыз,  оппозициялык коалициядан куралган «Акыйкат үчүн-Сербия демократиялык партиясы»  — 6,13 пайыз добуш алган. Сербия парламентинде 250 орун бар.

Премьер-министр Александр Вучич шайлоодо жеңгенин жарыялап, элге жамгырга карабай келип бергенине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мындан ары мамлекеттин өнүгүшү үчүн күч аракеттерин жумшай турганын белгилеп кетти.

Сүрөт: tass.ru Сербия премьер министри Александр Вучич
Сүрөт: tass.ru Сербия премьер министри Александр Вучич

Эске салсак өткөн жолку шайлоо 2014-жылы болгон. Март айынын башындагы премьер-министрдин президентке кайрылуусу менен парламент таратылып, 4-мартта кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Вучич парламенттик шайлоону эрте өткөрүү себебин мамлекетти башкарууга таасирди күчөтүү жана ага көбүрөөк колдоо керек болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Бул туурасында ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бөлүшүү