Түркиянын Мугла провинциясынын Бодрум аймагында полиция тарабынан уюштурулган ыкчам аракеттердин жыйынтыгында 13 кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду. «Кыздардын каршылыгына карабай сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоого» шектүү деп грузиялык аял кармалды.
Түркиянын “haberler.com” сайтынын маалыматы боюнча, 13 кыздын 11и кыргыз кыздары. Эки кыздын бири өзбекстандык, бири грузиялык.