Бири, мамлекеттик геология агенттигинин ишин аткара албай жатышы, экинчиси, талапка жооп бере тургандай квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги.
«Геологиялык өлчөөлөр жыл сайын болуп турушу керек эле. Ал иштер аткарылбай жемкорлукка жол ачууда», — дейт тоо-кен өндүрүшү боюнча эксперт Расул Умбеталиев.
Анын айтымында, мыйзамга туура келбесе да «Беш-Алма» ишканасы геологиялык чалгындоо ишине уруксат алары менен көмүр казуу жана сатуу ишин баштады.
«Пайдалуу кен байлыктарды казуу боюнча мамлекеттик комиссиясына, мамлекеттик реестрге көмүрдүн көлөмүнүнүн көрсөтмөсүн берип, лицензияга ээ болуп туруп анан иштетип чыгууну баштаса болот эле», — дейт ал.
Ал мурунку билими күчтүү адистер пенсияга кетип, жаш кызматкерлердин билим деңгээли жетишпей жатканын айтууда.
«Жөнөкөй эле мисал, мамлекеттик геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев мурунку орган кызматкери, өзү деле жаштарга жакшы үлгү болуп бере алган жок», — деди эксперт.