«Эмне үчүн өкмөттүн 2015-жылкы отчёту менен Темир Сариев өзү тааныштырбайт», -дейт “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев.

Депутат Темир Сариевди же Аалы Карашевди чакыруу керек экенин билдирген.

“Аларга парламенттеги бюджет жана финансы комитети бүгүн бул маселени карай тургандыгы тууралуу билдирүү болду беле? Аларды чакырууга болот беле?”, -деп депутат өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев отставкага кеткен өкмөт башчы отчёт бергени туура эмес болуп кала турганын белгледи.

Белгилей кетсек, Темир Сариев ээлеген кызматынан 11-апрелде отставкага кеткен. Ордуна Сооронбай Жээнбеков дайындалган.