Чернобыль АЭСиндеги трагедиялуу окуя болгон күндөн бери 30 жыл өттү. Бүгүн дүйнө жүзүндө ХХ кылымдагы эң чоң кыйроону, өмүрүн жана ден соолугун аябастан радияциялык кырсыкка каршы күрөшкөндөрдү эскеришүүдө.

Бул боюнча, президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады.

“Эгерде алар өз өмүрлөрүн курмандыкка чалып, кызыл өрткө каршы турбаганда бул авариянын  кесепеттери алда канча кайгылуу болмок. Авариянын кесепетттерин жоюуга 5 миң кыргызстандыктар катышкан. Азыр алардын бир жарым миңден бир аз ашыгыраагы эле калды. Тилекке каршы, көптөгөн “чернобылчылар” нурлануудан жана радиациянын өтө көп өлчөмүнөн улам каза болушту. Алардын элеси түбөлүккө сакталат! Чернобыль АЭСиндеги трагедия жана бул эр жүрөк адамдар жөнүндө эч качан унутпашыбыз керек”, -деп жазылган кайрылууда.

Андан тышкары президент мамлекет  ай сайын “чернобылчылардын” пенсиясына акчалай кошумчаларды төлөйт, алардын пенсиялары да көтөрүлүп жатканын билдирген.

“Чернобыль АЭСиндеги трагедиянын 30 жылдыгына байланыштуу 46 миллион сомдон ашык жөлөкпул бөлүндү. Биз коркунучтуу авариянын кесепеттерин жоюп, бүтүндөй жер шарын сактап калган адамдардын турмуш шартын жеңилдетүү үчүн мындан ары да бардык аракеттерди көрөбүз”, -дейт мамлекет башчы.