29-апрелде А.Өмүралиев атындагы драма театрында дүлөйлөр «Дүйнө биздин көзүбүз менен» деген аталыштагы спектаклга күбө болушат.

Атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо жана сурдологиялык котормону телеканалдарга алып келүү максатында уюштурулуп жатат.

«Бул оюнда кулагы кереңдердин жашоосу, алардын көйгөйлөрү чагылдырылат. Жогорку окуу жайдын студенттери тарабынан даярдалды» — деди долбоордун автору Темирлан Эшмамбетов.