22-апрелде болгон ЕЭК министрлеринин жолугушуусунда газ жана мунай, мунай продуктыларынын индикативдүү (прогноздоо) балансын калыпка салуу методологиясы жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду.

«Бул биринчи жолку ЕАЭБдин алкагындагы энергетика ресурстарынын балансын биримдик ичинде биргелешип аныктаган бирдиктүү жана макулдашылган методологиялык жактан каралган документ болду», — деп билдирген энергетика жана инфраструктура министри Данил Ибраев.

Энергоресурстардын тизмесинде газ, мунай, унаа бензини, дизель майы, мунай калдыктары жана реактивдүү кыймылдаткычтардын майы болот. ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөр жогорудагы товарлардын балансын аныктоо менен биргелешкен соодалашууну иштеп чыгышат. Прогноздоо жана пландап иш кылуу биримдик ичиндеги өлкөлөрдө бюджеттеринин динамикалуу өсүшүнө жол ача турганын Ибраев кошумчалады.

ЕЭКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, макулдашуунун күчүнө киришинен тартып биринчи энерго булактарынын балансы октябрь айына даярдалып чыгат.