Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын максаты — Ысык-Көл жергесиндеги көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар, аткарыла турган иштердин абалы менен таанышып кайтуу.

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун курулушу, Кырчын капчыгайындагы даярдыктар менен Тамчы айылындагы эл аралык аэропортунун реконструкциясы алардын көңүл чордонунда болот. Бактуу — Долонотудагы «Газпром» ЖЧКнын колдоосу менен «Газпром-балдарга» деген социалдык долбоордун алкагында салынып жаткан дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өкмөт башчы менен биргеликте транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов, Ысык-Көл обласунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Акибаевдер көзөмөлдөнө турган объектилерди кыдырышат.

Бөлүшүү