Акыркы учурда «курултай» деген сөздү угаарыбыз менен бийликке нааразы болгон оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн талаптарды  айтып жаткан жыйынды түшүнүп калдык.  Чын эле курултай бул оппозиция үчүн колдонгон куралбы же айласы кеткенде өткөрүлөбү? Бул тууралуу Saat.kg изилдеп көрдү.

Курултай деген эмне?

Курултай чогулуш деген маанини түшүндүрүп, түрк жана моңгол тилдүү элдеринин бүткүл элдик жыйыны, чогулуштары болуп эсептелет. Жазма тарыхта эң алгач «курултай» тууралуу 1206-жылы Темучин моңгол урууларын бириктирип, империя негиздеп, өзүн Чыңгызхан деп атаган.

Чыңгызхандын курултайыБирок бул курултай моңголдорго тиешелүү дегендикке жатпайт. Чыңгызхан өзү түрк тилдүү элдерден үйрөнгөн болушу мүмкүн. Анткени бул мезгилге чейин түрк элдери маанилүү маселелерде курултай өткөрүп келишкен. Байыркы хуннулар да маанилүү мамлекеттик иштерди курултай аркылуу чечишкен. Бул салт түрк элдеринде уланып келген. Темучин душмандарынан качып түндүккө журт которот. Ал мезгилде түндүктө токой элдери тагыраак айтканда, кыргыздардын өз алдынча улустары болгон. Темучин ошол жактан курултай,  жыйын, аскер иштерин жана «Чыңгыз» деген титулду үйрөнүп келет. Ошентип өз империясын куруп жатып Улуу Курултай өткөргөндүгү үчүн моңгол тилинде же моңголдордон калган салт деп аталып калган.

Тарыхчы Чыңгызхан Амантур уулунун айтымында, бүгүнкү күндө да курултай сөзүн көп колдонуп, аны иш жүзүнө ашырып келген түрк тилдүү элдер болуп саналат.

«Моңголдор «хурал» деген сөздү түрк тилинен алып пайдаланып келет. Эгер курултай деген сөз «чогулуш» дегенди билдирсе, чогулуш деген сөз моңгол тилинде «цуглаан» деп аталат. Курултай  «Куруу» этиши + «той». «Тойдун» бир мааниси көпчүлүк топтолгон жыйын, дагы мааниси майрам, жалпысынан айтканда тойду, чогулушту куруу дегенди түшүндүрөт. Бул моңголдордун түрк тилинен кабыл алганы ачык далил», — дейт Ч. Амантур уулу.

Учурда бир нече түрк жана моңгол тилдүү элдер  өздөрүнүн парламентин Курултай деп аташат. Мисалы Алтай Республикасынын паламенти — Эл Курултай, Башкортостан Республикасы — Курултай,  Тыва Республикасы — Жогорку Хурал, Бурятия Республикасы — Элдик Хурал, Монголия Республикасы — Улуу Мамлекетик Хураал, Калмык Республикасы — Элдик Хурал деп аташат. Кыргызстанда да Жогорку Кеңешти «Курултай» сөзүнө да алмашытыруу тууралуу сунуштар болгон.

Курултай кандай шартта өткөрүлөт?

Алтай Республикасынын парламенти
Алтай Республикасынын парламенти

Бүгүнкү күндө курултайды улуттук баалулуктарды сактап калуу, маданий фестивалдарды өткөрүү, көчмөн элдин маданиятын даңазалоо формасында өткөрүп келишет. Бүткүл түрк тилдүү көчмөн элдердин курултайы 2007-жылы Казакстанда башталып, андан бери бир нече жолу Венгрияда улантылып келет.

 

Венгриядагы курултай
Венгриядагы курултай

Башкыр эли да бир нече жылдан бери өз алдынча башкаруу, маданий мурастарды сактоо формасында «курултай» өткөрүп келишүүдө. 1917-18-жылдары башкырлардын, крымтатарларынын жана башка түрк тилдүү улуттардын курултайлары болуп, анда улуттун, мамлекеттин келечегин аныктоо, совет бийлигине кошулуу же кошулбоо  чечимдери кабыл алынган. Жалпысынан айтканда маанилүү мамлекеттик маселени чечээрде «курултай» өткқрүшкөн.

Өзүнүн бир-эки тарапташтарын чогултуу курултай эмес

«Өздөрүнүн тууган-туушкандарын, партия мүчөлөрүн, тилектештерин чогултуп алып  курултай деп атоого болбойт. Ал үчүн бүтүндөй аймактардан өкүлчүлүктөр эл тарабынан шайланып келиш керек. Алар да маанилүү маселелерди чече ала турган адамдар болуусу керек. Жөн эле курултайга барам деп көчөдөгү эл чогула бериши туура эмес болуп саналат», — деп билдирди тарыхчы, пубилист, жазуучу Баяс Турал.

Март айында Бишкекте өткөн курултай
Март айында Бишкекте өткөн курултай

Кыргызстанда курултай 1992-жылы «Дүйнө кыргыздарынын биринчи курултайы» деген ат менен башталган. Кийин 2002-жылы Аксы, Үзөңгү-Кууш окуяларынан кийин курултай өткөрүү оппозициялык маанайга өтүп, бийликтегилерге каршы адамдардын өткөргөн нааразычылык жыйынына айланып калган. 2010-жылы 24-мартта курултайды жалпы элдик деңгээлде өткөрүү мурдагы бийлик тарабынан уюштурулган эле, бирок ал өткөнү менен максатына жеткен эмес. Азыркы оппозициянын курултайына бийлик өкүлдөрү катышпай келет.

Курултай боюнча китеп жазып, анын этимологиясын, маанисин чечмелеп келген Баяс Турал Кыргызстанда чыныгы курултай өткөрүүнүн убактысы келди деп эсептейт.

Соңку жылдарда саясий чөйрөдө активдүү жүргөн адамдар чогулушун өткөрүп, курултай деп жарыялап келишүүдө. Айрым учурларда чогулган адамдар миңден ашса, айрымдары 15 ге жеткен эмес. Март айында оппозиция тарабынан өлкөнүн түштүк аймактарына курултай өткөрү пландалган. Бирок ар кандай себептер менен токтоп калган. Учурда жакын арада курултай өткөрөбүз деп белсенип жаткан кербездери.