Кыргызстанда бүгүнкү күндө 200дөн ашуун жаштар уюмдары бар жана ар бир партиянын жаштар канаттары өзүнчө иш алып барууда. Ошолордун арасында, негизи эле саясатка аралашып жаткан жаштар өлкөнүн келечегинин элитасын куруп кете алабы?
Жаштар эмнеге умтулат?
Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов жаштардын саясатка аралашып, бирок эски, келечеги жок социалисттик идея менен ооруп жүргөндөрү бар экенин айтты.
«Азыркы жаштардын айрымдары мыкты билим алсак, англис жана башка тилдерди үйрөнсөк деп аракет кылып жүрүшөт. Бир топ жаштар Америкада, Европада, Кытайда, Орусияда, Малайзияда жана башка өнүккөн өлкөлөрдө билим алып, окуусун бүткөндө дүйнөлүк белгилүү компанияларда ийгиликтүү иштеп жатышат. Ал эми жаштардын мага жакпаган жактары болсо билим алууга эмес, диплом алууга умтулушат. Айтор, коом кандай болсо жаштарыбыз да ошондой» — дейт Өмүрбек Абдырахманов.
Кошумча акча табуу үчүн мамлекеттик кызматка умтулушат
Абдырахманов жаштарга уулу муун дурус мамлекет түзүп бере албаганын айтууда.
«Авторитардык-советтик система жаштардын өсүшүнө балта чабат. Мамлекеттик жумушта иштеген жаштар коррупцияга сугарылып бузулуп бүтүштү. Аларга мамлекет жетишээрлик айлык төлөбөйт. Ошондуктан жаштар айлык үчүн эмес, кошумча акча табыш үчүн мамлекеттик кызматка умтулушат. Демек, биз мамлекеттик башкаруу системасын реформа кылып демократиялык стандарттарга алып келбесек өлкөбүз өнүкпөйт жана жаштардын келечеги болбойт. Эгер өзгөрүү кыла албасак, билими жана саясий түшүнүгү жок шоопурлар, жан сакчылар, чарба башчылар, олигархтар жана эски саясий интригандар азыркыдай болуп мамлекетти башкара беришет», -деди ал.
Алар саясий куралга айланышат
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов айтымында, жаштар саясий турмушта пикирди, ойлорду жаратып жатышканын белгиледи.
«Кандай гана саясий топ болбосун бардыгынын аткаруучулары жаштар. Ошондон улам бизде «саясий курал» деген түшүнүк пайда болгон. Бирок жаштар курал болгондугун мойнуна албайт», — дейт Калмаматов.
Анын айтымында, «жашоо эстафетасы» болуп муундан-муунга бөлүнөт.
«Улуу муун биздин чоң-ата, чоң-энелерибиз. Булар Кыргызстандын түптөлүшүнө эле эмес, союздун түптөлүшүнө кан төккөн адамдар. Бизге телегейи тегиз жашоону куруп бергендер. Экинчи муун биздин ата-энелерибиз. Алар улуу муун түзүп кеткен жыргал жашоонун кадырын билбей жашагандар. Акаев, Бакиевдин убагында уурдалган нерселерди «уурдаба» деп токтоткон эмес», — деди экс-депутат.
Андан кийинки муун бүгүн Кыргызстанды жылаңач колго кармап отургандар экенин кошумчалады.
«Мына өлкөбүз эгемендүүлүктү алганына 25 жыл болду азыркыга чейин чек арабызды тактап бүтө элекбиз. Бул орто муундун кемчилигинен болду. Өлкөдө коррупция, тарбиясыздык, намысы жок коомдо жашап жаткан биздин муун бул орто муундан артык болуп кетиши мүмкүнбү деген чоң суроо жатат», — дейт Калмаматов.
Жаштар: Саясий элитаны куруп кете алабыз, саясий курал болбойбуз
Ал эми «Лидер» жаштар клубунун түзүүчүсү Данияр Назаралиев келечектеги элитаны жаштар куруп кете ала турганын билдирди.
«Биздин азыркы учурда курч ойлорубуз бар, чоңдордун деле жардамысыз өз алдынча иш алып кетүүнү үйрөнүп жатабыз. Анан азыртадан баштап жаш уландарыбыз саясатка кирип, же болбосо жөн эле кызыгып жатканы бул деле жакшы кадамдар деп ойлоймун. Бирок менин оюмча, азыр саясат жолунда эмес, башка тармактарда өздөрүн сынаса жакшы болмок», — дейт Назаралиев.
«Ата Мекен» партияснын жаштар канатынын жетекчиси Нуразиз Шайырбек уулу азыркылар партиялардын, уюмдардын астында жүрүп өздөрүнүн саясий көз карашын калыптандырып жаткандыгы жакшы экенин белгиледи.
«Жаштар келечекте коом үчүн жакшы бир иш жасайбыз деп айта алам. Эгер күнүмдүк кызыкчылыкты ойлоп партияга кирип саясатчынын артынан ээрчий турган болсо ал адам саясий курал болуп калышы толук мүмкүн. Эгерде келечекти ойлоп, өзүнүн пландарын ишке ашырууга партияга келсе ал курал эмес», — дейт Н. Шайырбек уулу.