ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында “мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу каралды.
Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматында айтылгандай, “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы” бекитилген. Аны ишке ашырууга каралган жалпы каражат 493 млн.600 миң сомду түзөт. Анын 243 млн. 64 миң сому 2015-жылга каралып, 67,8 миң сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми 2016-жылга 174 млн. 600 миң сом ажыратылмакчы.
Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат чөйрөсүндө 2015-жылдан бери 16 органдын 760 кызматкери “Кыргызтест” системасы аркылуу тил билүү дараметин сынап көрүштү.
Талкууда депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, “статьялар” деген термин беренелер деп толук которулуп, калыптанышы керек экенин айтты.
Ошондой эле ал мыйзамдын 9-беренеси эч кандай аткарылган жок деген пикирин ортого салды.
“Президент, ЖК Төрагасы, Өкмөт башчы, Жогорку Соттун төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болсо, анда алардын кол алдыда иштеген кызматкерлери эмне үчүн кыргыз тилин билбеши керек?”, -деген суроо узатты.
Депутат Рыскелди Момбеков кыргыз тили “кыргыздар” менен “киргиздердин” ортосундагы талаш-тартыштын айынан эгемендик алгандан бери деле өнүккөн жок экенин белгиледи.
“Ар бир жыйын мамлекеттик тилде өткөндө, кооз сүйлөгөндөр азаймак”,- деди ал.
Комитет мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат эске алынсын деген корутундуга келди. Ошондой эле өкмөткө мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттендирилген мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин тез арада тактоо тапшырмасы берилди. Интернет жана башка маалымат-технологиялык ресурстар аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуунун тиешелүү чаралары да көрүлмөк болду.