Ош шаарында Чернобыль апаатынын 30 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду.

Атомдук станция жарылган соң ликвидацииялоого, жалпысынан 102 адам Ош шаарынан барган. Азыркы тапта алардын 41 гана калды.

Вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу Ош шаарынын мэриясынын жана шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, апааттын катышуучулары жана каза болгондордун үй-бүлөлөрү ар тараптан колдоого алына турганын белгиледи.

“Туура 30 жыл мурда,адамзаттын акылы өзүнө душман болгон окуя катталып, дүйнөдө өтө чоң апаат, коркунуч бар экендиги жарыяланган кайгылуу окуя болгон. Ага биздин Ош шаарынан да ага-эжейлер барып катышып келген. Биз алардын кылган эрдигин эч качан унутбайбыз. Ар дайым Ош шаардык мэриясынын атынан материалдык жана моралдык колдоолорду көрсөтө беребиз.Мындай апаат эч убакта кайталанбасын”, — деди Кутманалы Абдырахман уулу.

Эскерүү  кечесинин алкагында Чернобыль апаатынын айрым катышуучулары юбилейлик төш белгилер менен сыйланып, каза болгондордун үй-булөлөрүнө акчалай жардам берилди.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.