Түндүк Корея орточо радиустагы жаңы баллистикалык ракетаны  сыноого даярданып жатат.

Бул туурасында Түштүк Кореялык өкмөттүк булактарга таянып Рёнхап маалымат агенттиги жазып чыккан.

15-апрелде «Мусудан»  классындагы  ракета мурдагы президент  Ким Ир Сендин туулган күнүнө карата учурган. Бирок ал болжолдонгон максатына жетпей ийгиликсиз аяктаган.

Жаңы ракета Япон деңизинин жээгиндеги Вонсон шаарына жакын жерде сыналат. Мындай түрдөгү курал Аляскага чейин жетиши мүмкүн деп эсептейт расмий Сеул.

Cыноолор өлкөнүн ядролук жана баллистикалык ишмердигине тыюу салган БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир канча резолюцияларына каршы келет. Ошондуктан  БУУнун бир катар экономикалык  санкцияларды киргизгенине карабай, Пхеньян көрсөтмөлүү машыгууларын жана аскердик өзөктүк куралды жана баллистикалык ракеталарды сыноолорун токтотпой келет.

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын

3 күн мурда Түндүк Корея баллистикалык ракетасын суу алдындагы кемеден учурурган. Ал Япон деңизиндеги Синпхо портунан учурулган. Бирок сыноо ийгиликтүү болгону тууралуу маалымат жок.

Азырынча Түштүк Корея да кырдаалды көзөмөлдөп турат. Жакын арада КЭДР бешинчи жолу өзөктүк куралын сынашы мүмкүн.

Корея жарым аралында 7-февралда  «Кванмёнсон-4» деп аталган спутниктин жасалма жандоочусун КЭДР учургандан кийин кырдаал курчуп кеткен. Ал Сеулдун кабарлашынча 12 миң км аралыктан сокку урушу мүмкүн.

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынайт.
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынайт.

Ал эми Түндүк Корея тыюу салынган куралдарды сыноосун АКШнын  Түштүк Кореяда өткөргөн аскердик машыгууларына, агрессиясына каршы жасаганын, капыстан согуш чыгып кетсе, ага даяр туруу жана илим-технологиянын өнүгүшү экендигин жарыялап келет.

Бөлүшүү