Дүйнөлүк маалыматтарга ылайык Түркиянын ири өнөр жайлуу «Жылдыздар Холдинг» компаниясы Орусия президенти Владимир Путинге инвестиция салуу үчүн кат жазган.

Компаниянын башкаруу бөлүмүнүн мүчөсү Хаккы Йылдыз Орусиядан жооп күтүп жаткандыгын кабарлаган. Алардын максаты аталган өлкө түрк инвесторлоруна иштөө мүмкүнчүлүгү берилсе, 200 миллион доллорлык инвестиция салаарын маалымдаган.

Кат азыр Орусия премьер-министри Медведовдун колунда.

Йылдыз Энтегренин Картепе объектиси 500 миң метр 2 жерге курулган. Бул жерде ар түрдүү курулуш материалдары, жер семирткич жана химиялык өндүрүштөр  чыгарылат. Андан тышкары эле мөмө жемиштерди терүү, темир иштетүү, деңиз транспорту боюнча иш алып барат. Анын бир бөлүгү Йылдыз Энтегреге таандык.

Бул туурасында gazetevatan.com маалымат агенттиги жазып чыккан.