Бишкектеги турак жай курулуштары, аларды динамикалуу түрдө заманбап принциптерди колдонуу менен өнүктүрүү тууралуу «Ата-мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйында айтып берди.

«Шаардын борбордук аймагында 1,5 миң гектар жерде 3314 эскилиги жеткен турак жай бар.  Аталган аянтта 77 жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жаңы, заманбап үйлөрдүн айланасында көрүнүштү бузган, эскилиги жеткен тамдар жайгашкан. Үй ээлерине сатуу боюнча сунуштар түшкөндө алар өтө көп сумманы талап кылып жатышат, ошолордон улам борбордун көркү бузулууда» — дейт Ө.Текебаев.

Фракция лидери бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып жатканын билдирет. Ага ылайык мэрия тарабынан эски үйлөр азыркы рыноктук баада сатылып алынып, ордуна көп кабаттуу жаңы үйлөр салына баштайт.