Бишкектин көчөлөрүн калкалай жайгашкан жарнама такталарын илүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштелип чыга турганын «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйында билдирди.

«Шаар ичинде 1421 жарнак тактасы бар. Алардын 732си чоң көлөмдөгү жана 689 стандарт түрдөгү такталар.  Алардын көбү Байтик баатыр көчөсүндө жана Чүй, Манас проспектилерин бойлой жайгашкан», — дейт эл өкүлү.