Мамэкотехинспекция тарабынан Ак-Талаа району текшерилди.

Алардын маалыматына таянсак, анда райондук соттун имаратына кошумча имарат курулушунун жүрүшү боюнча жеринен көзөмөл жүргүзүлдү. Имаратты байлап «сейсмикалык пояс» иштерин аткарууда,  арматураларды  байлоо  жана  ширетүү иштери курулуш нормалары  жана эрежелерин   сактабастан иш алып барып жаткандыгы аныкталды. Курулуш талаптарын бузгандыгы үчүн Ак-Талаа районундагы райондук соттун имаратынын курулуш иштери токтотулду.