25-26-апрелде ЕЭК (Евразиялык экономикалык комиссия) тарабынан үчүнчү өлкөлөр менен соода мамилелериндеги техникалык тоскоолдуктарды жоюунун шарттарынын жана эрежелеринин эл аралык келишиминин долбоору каралган.

Комиссиянын маалыматы боюнча, эл аралык келишимдин долбоору комиссия тарабынан ЕАЭБдин негизги келишимине ылайыкталып жана соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча ДСУнун (дүйнөлүк соода уюмунун) макулдашуусунда түзүлгөн эл аларык тажрыйбаны, эрежелерди жана принциптерди эске алуу менен даярдалган.

Документтин долбоорунда үчүнчү өлкөлөр менен соодадагы тоскоолдуктарды жоюунун механизмдери каралган. Келишимди бекитүү аталган механизмдерди иштеп чыгууга жардам берип, товар айлантууда коопсуздукка, сапатка жана анын деңгээлине жакшы таасир жана кепилдик берет.

«Үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык биримдиктер менен соода-экономикалык мамилени чыңдоо ЕАЭБге керектүү багыттардан болуп саналат. Казакстан бул боюнча оюн билдирген. Аны казак президенти Нурсултан Назарбаев биздин өлкө башчыларга билдирген болчу», — дейт ЕЭКнын техникалык жөнгө салуу колегиясынын мүчөсү Валерий Корешков.