Эки элдин өз ара мамилеси, салттарындагы өзгөчөлүктөрү жана тили менен маданиятын камтыган  комедия жанрындагы фильмди тартуу, чыгармачылык изденүү, каражат табуу жана уюштуруу иши дагы режиссёрдун өз мойнунда болгон.

Фильмди жаратуу оңойго турган эмес, аны тартууга үч жылдык убакыт сарпталган. 2013-жылы башталып, ортосунан каражаттын тартыштыгы да ишти токтотуп турганын кинонун режиссёру Нурлан Абдыкадыров айтты.

«Кино тартуу бул курулуш ишиндей эле. Анда ар бир майда деталга көңүл бурууга туура келет. Андан сырткары чоң маселелер жаралып турат. Ошонун баарын жөндөй келгенде гана ойдогудай тасма жаралат» — дейт Нурлан Абдыкадыров.

Нурлан байке

Ошондой эле режиссёрдун айтымында, актёрлор образына жараша дыкаттык менен тандалып, бир эмес бир нече дубль менен тартылган.

«Кинонун жаралышында актёрлор менен иштешүү оңойго турбайт. Анткени анын келбети туура келгени менен ичинде башка адам болушу мүмкүн. Сүйлөгөн сөзүнүн ритмине түшпөй же кээ бири үн жаздыруу ишинен чабалдык кылат. Ошол нерселерди толуктап отурасың» — деди режиссёр.

Кыргыз казак

Фильмдеги казак үй-бүлөсүнүн ролун жаратуу үчүн казак актёрлору чакырылган. Алар өз тилинде ойношуп тилдер которулган эмес.

Тартуу иштери аяктап, кезек үн жаздыруу иштерине келгенде кыргыз театрынын жана киносунун корифейи болгон Мукамбет Токтобаевдин көзү өтүп кеткен.

Фильм кыргыз кинотеатрлары менен гана чектелбестен Казакстанда да көрсөтүлөт.

 

Бөлүшүү