Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгү иш сапарынын алкагында Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Өкмөт башчыга транспорт министри Замирбек Айдаров жолдун курулушу тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча өткөрүлгөн тендер чуусуна байланыштуу кызматтан кеткен.