Кыргызстандын саясий чөйрөсү акыркы бир ай чулгандуу окуялар менен курчалып калды.

Темир Сариев Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча өткөрүлгөн тендер паракорчулук менен байланышкан деген негизде ээрден оодарылып түшкөн. Анын ордуна Сооранбай Жээнбеков келгени, иниси Асылбек Жээнбековдун кызматын тапшырып берүүгө аргасыз болду. 5 жылдан ашык парламент төрүндө отурган Асылбек Жээнбековдун орду талашка түшүп спикерди тандоо күндөн-күнгө жылдырылып келүүдө. Алсак бир нече жолу аракет кылганы менен төрагага талапкер болгон Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев тең добуш алып, эми Чыныбай Турсунбековду сунушташууда.

 

Парламенттин спикерди тандоосу созулуп коомчулук арасында ар түрдүү пикирди жаратууда. Кээ бирлери бийлик бул оюндарды элди акыркы окуяларды алаксытуу максатында жасап, Темир Сариевдин жоруктарын унуттуруп, көңүлдү башка нерселер менен алаксытууда деген пикирлер айтылып келет.

ЖК төрагасын тандоонун созулушунун максаты

Оппозиция өкүлү, саясатчы Адиль Турдукуловдун айтымында, спикердин шайланбай жатышы саясий интрига.

«Спикердин шайланбай жатышын Темир Сариевди жоопко тартууну кечиктирүү менен байланыштырсак, анда Кыргызстанда эч бир өкмөт башчы жоопкерчиликке тартылган эмес. Мисалы Бабанов, Оторбаев да чуулгандуу окуялар менен байланышы болуп кызмат ордунан кетишкен. Алар жоопко тартылган жок. Эми бул деле ошол көрүнүш болот. Чынында Темир Сариев көп катачылыктарды кетирди. ЕАЭБге шашылыш кирди, Кумтөр маселесин чечем деп сөз берген. Бир катар мыйзамдарды туура эмес кабыл алышты. Спикердин шайланбай жатышы чынында көшөгө артында болуп жатат, аны түшүнүш кыйын», -дейт А. Турдукулов.

Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбековдун билдирүүсү боюнча, депутаттар КСДПдан башка фракцияларды көтөрүүгө аракет кылышкан, бирок ишке ашпай калган.

«Бул бийликтин алдап жатканын түшүнүп калышты. Болгону бул жерде туура эмес түшүнүшү болуп калды», -дейт экс-депутат.

Мыйзамсыз өткөрүлгөн тендер боюнча ким жоопко тартылышы керек?

“Манас” аэропортуна кеткен жолду оңдоо тендеринде “Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнө таандык болгон компания утулуп калган. Айрымдардын айтымында, Канат Исаев партиянын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бирок ал эч кандай партиянын кызыкчылыгы корголбогонун айтып чыккан.

Адиль Турдукулов бул үчүн Канат Исаевди жоопко тартуу керек экенин айтууда.

«Себеби анын партиялашынын компаниясы өтпөй калып, ушул нерселер орун алууда. Кандай болгон күндө да анын сөзсүз таасири бар» — деди А. Турдукулов.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев өкмөт башчы кызматынан кетсе да, кетпесе да тендер боюнча иликтеген депутаттык комиссия өз ишин аягына чыгара турганын айткан.

Равшан Жээнбеков депутаттык комиссия паракорчулук менен байланышы бар деп Сариевди кетиргенден кийин аягына чейин чыгыш керек экенин белгиледи.

«Менин оюмча эгер Темир Сариевди жоопко тартуу керек болсо, анда депутаттык комиссия президент менен кеңешип анан ал туура көрсө жоопко тартылат. Бул жерде прокуратура, сот, депутаттар да эч нерсе чече албайт. Бир гана президенттин чечимине жараша болот. Сариев акыркы чуулгандуу иш боюнча жооп бербесе да ЕАЭБ, экономикалык каатчылык үчүн Сариев жооп бериши керек» — деди ал.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытов Сариевдин Балыкчы-Корумду жолун куруудагы кетирген каталарын текшерип чыгуу боюнча мыйзам чыгарылганын билдирди.

«Мыйзам азыр иштеп жатат, анан прокуратурага жөнөтүлөт. Алар тергеп эгер күнөөсү болсо сотко жиберилерин белгиледи. Андан сырткары, Унгар-Тоо боюнча мыйзам каралып жатат. Ал да жакын арада териштирүүгө жиберилет. Эгер күнөөсү болсо камалыш керек, болбосо акталат», -дейт эл өкүлү.