Акыркы кездеги табигый кырсыктарынын натыйжасында келтирилген зыяндын көлөмү 7,5 миллион сомду түзгөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов премьр-министрге жолугукканда кабарлады.
“Аталган жаратылыш кырсыгынан негизинен инфраструктуралык объектилер – каналдар, көпүрөлөр, жолдор жабыркаган. Чүй облусу боюнча бир нече гектар чарба жери зыян тарткан. Сел жана жер көчкүлөр калктуу пункттардан алыс орун алгандыктан, адам курмандыктары болгон эмес жана социалдык объектилер, турак-жайлар зыянга учураган эмес”, – деп маалымдады.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында, эгерде адамдар жаратылыш кырсыгынан жабыркаган болсо, анда аларга эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, ыкчам көмөк көрсөтүлүшү тийиш.