Сокулук районунун Тынчтык жаңы конушунда 30 жылдан бери көчөнүн боюна төгүлүп келген таштандынын кесепетинен жергиликтүү тургундардын абалы оорлоп келет.

Мамэкотехинспекциянын маалыматы боюнча, буга чейин Ново-Павловка аймагына караган конуштун айыл өкмөтү, таштанды таштоочу жайды жеке ишкерлер менен келишимдин негизинде кайра иштетүүгө жана чекебелин тосуп ирээтке келтирүү үчүн берип, бирок талаптар аткарылбай келгенин айтышты.

изображение

Азыркы тапта Тынчтык конушунун так ортосунда жайгашкан таштанды ашып, жакын жайгашкан көрүстөнгө чейин жеткен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, көрүстөндөр тосулган эмес. Анын ортосунан унаа өтүүчү жол дагы түшүп, алтургай мал жандык кирип эски көрүстөндүн үстүн тебелеп көрлөр ачылып калган.

Мамэкотехинспекция текшерүүгө барып, жергиликтүү бийликти чакырып,тез арада таштанды таштоочу жайдын маселесин чечүү талаптарын коюуга барганда, айыл өкмөтү ар кандай шылтоо менен келген жок. Адистер жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан ушундай абалга чейин жеткендигин айтышууда.

изображение

Ошондой эле шаардан чыккан саркынды суу топтолуучу жай дагы ушул жерден өтүп келсе, азыркы тапта кир суунун жолун таштанды бууп калган. Күн жылыганы таштанды жана саркынды суудан чыккан жагымсыз жыт бүтүндөй конушту каптап, тургундардын жашоосуна чон коркунуч туудурууда.

Экологияны көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери Элдияр Шерипов бул боюнча жергиликтүү бийлик эч кандай чара көрбөсө мыйзам чегинде катуу жаза алынаарын кошумчалады.

 

Бөлүшүү