Өздөрүн “Таза оппозициялык кыймыл” деп атаган активисттер мартта өткөргөн элдик курултайында кабыл алынган 10 резолюциянын аткарууну талап кылып бүгүн митингге чыкты.
Алардын талаптары: Элдик бийликти орнотуу үчүн конституциялык реформа жүргүзүү; Аскар Акаев, Курманбек Бакиевди, Кадыржан Батыровду жана Азиз Батукаевди качырып жиберген мамлекеттик кызматкерлерди камоо; саясий-экономикалык адилеттикти орнотуу үчүн коррупционерлердин колуна уурдалып өтүп кеткен завод-фабрика жана башка объектилерди мамлекеттин карамагына толук кайтарып алуу.
Кыймылдын лидеринин Назарбек Нышановдун Saat.kgге билдирүүсү боюнча,1-августка чейин талаптары аткарылбаса бийликтегилердин баарысын отставкага кетишин талап кылат.
«1-августка чейин бийликтегилерге эстетип туруу үчүн 15 күн сайын Ак үйдүн алдына митингге чыгабыз. Бүгүн кабыл алынган резолюцияны президентке, парламентке, өкмөткө бердик», — дейт Н. Нышанов.