Транспорт министри Замир Айдаровдун айтымында, өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузулса анда «Лонг-Хай» компаниясынын Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна  уруксат берилишине департаменттин күнөөсү жок.

«Себеби департамент министрликтин алдында болгондуктан ал өкмөт чыгарып берген тапшырманы гана аткарган. Анын мыйзамсыз экенин фисклдык органдар аныктайт», — деп белгиледи министр.

Ошондой эле ал «Лонг-Хай» компаниясынын мыйзамсыз экенин билгенин айтып, аны ич-ара карап чыгышканын билдирди.

«Негизинен мен жол чарба башкармалыгына былтыркы жылдын 26-ноябрында жумушка келгем. «Лонг-Хай» компаниясы 4-декабрда  лицензия алган. Мен келгенден кийин карап чыккам, текшерүүдө катачылыктар табылган, аны өзүбүздүн комиссия ич-ара талкуулаган. Бирок өкмөт кол коюп бекитип бергенден кийин мен айтканым менен эч нерсе чечилмек эмес эле. Ал эми Темир Сариевдин же Аргынбек Малабаевдин күнөөсү барбы, жокпу аны териштирүү иштеринде билинет», — деди министр.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду унаажолунун куруу иштерине кетирген мыйзам бузууларды тактоо боюнча комиссиянын иши каралууда.