«Өкмөттө бир өнөкөт пайда болуптур, жаш кадрларды мамлекеттик кызматка чакырып, саясаттын курмандыгы кылуу», -деп парламенттик жыйында КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди.

«Мен булардын кылмышкер эмес, уурдаган эмес деп айта албайм, бирок Нурлан Шерипбаевди, Максат Чакиевди алгыла бүт чет өлкөдө окуп келген жаштарды эски чиновниктер бузуп жатасыңар. Жок жерден күнөөгө түртүп,  билимдүү жаштарды колдонуп таштап жатасыңар. Канчалаган күнөө менен кармалгандар бошонуп кетет да жаш кадрларды сынып жатат. Ошондуктан жаштарды колдойлу. Жол боюнча күнөөнүн баарын бир адамга оодарып койгон болбойт», -дейт эл өкүлү.

Ошондой эле депутат кыргызда жолду ыйык тутуп келишкенин айтты.

«Жолго чыкканда «Жолуң болсун, жолуң шыдыр болсун» деп бата беришкен. Жол бул адамдын тагдыры болуп эсептелет. Ошол тагдырдан акча жегенди, үнөп алганды токтотолу», -деди ал.

Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушун текшерген комиссиянын жыйынынын талкуусу жүрүп жатат.