Азыр каражат жетишсиз, аны издеп табыш керек экенин парламентте өкмөттүн 2015-жылдагы отчёту талкууланып жатканда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

“Келишим түзүлүп жатканда, бул жолдун курулушуна 6 млн 800 миллион сом өлчөмүндө каржылоого милдеттенме алганбыз. Буга чейин 180 миллион сом бергенбиз. Дагы бир аз каражат табылды, аны жакын арада парламенттин кароосуна алып келебиз. Өткөн жылы «Мегаком» компаниясын сатып, 6-7 миллиард сом табабыз деп ойлогонбуз, бирок ал сатылбай турат. Сатык конкурсу 11-майга жылдырылды», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башы Балыкчы – Корумду жолуп куруп жаткан кытай компаниясынан баш тартсак, ага 2,5 миллиард сом төлөп, өлкө бюджети зыян тарта турганын айтты.

“Мен деле бул компания жарабайт деп айтсам болмок, бирок зыян тартып калабыз. Биз жол курулушун бүткөрүшүбүз керек. Ушу тапта Кытай компаниясы 16 млн долларга техникалык жабдууларды алып келди. Калыстык болушу керек. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт, ага даярдык көрүш керек. Президент да каражат караштырууда. Биз дагы каражат издеп жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү