Кыргыздын нукура жүзүн сактап, аны замандапташтырып, брендге айланткан кыргыз жаратмандары.

1332429267_supara-10

Табылды Эгембердиев

1992-жылы «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү, алкоголсуз кыргыз суусундуктарын брендге айлантып, дүйнөгө тааныткан. 2011-жылы «Супара» этнографиялык комплексин түзгөн. 2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн «Даңк» медалына ээ болгон.

Аскар СалымбековАскар Салымбеков

1991-жылы «Дордой» базарын негиздеген. «Көк бөрү» оюнун жаңыча уюштуруунун демилгечилеринин бири. Баарынан да кызыгы Табылды Эгембердиев жарма жасайм деп, Салымбеков болсо сазга базар ачам деп элге шылдың болушкан экен.

b1c9036dc38e12dfd51c3961fc653a66_mid_r

Мухаммед Али Абдырахман уулу

Кыргыздын оюусун түшүрүп, эзелки доорлорду, ата-бабаларды эске салган булгары кыргыз бут кийимдерин чыгарат.

Ал бул ишти 350 сом менен баштаган. Бир жуп бут кийим чыккыдай материал алып, даярдаган.

 

12105937_923899970999094_8200987000221151429_n

Тынчтык Калмамбетов

«Бал аяз» деген компания кымыз, сүзмө, талкан, сары май кошулган балмуздактар сатыкка чыгып жатат. Бул этно балмуздактар былтыр күздөн бери чыгара баштаган.

Алардын максаты — кыргыздын кымызын алыска таанытуу болду. Азыр балмуздактын 20 ашык түрү өндүрүлөт. Табийгый таза азыктар менен жасалат. Ага бул идеяны Германиядагы кайын агасы сунуштаган.