Баткен чек арсында Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки жараны кармалды.

Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, колго түшкөндөр 80 миң сомдон ашык нарктагы жана салмагы 1 500 кг түзгөн бадыраң алып өтүүгө аракеттенишкен.

Кармалгандардын жанында жүктү алып өтүүгө уруксат берген тиешелүү документтер болгон эмес.

 

 

Бөлүшүү