Президент Алмазбек Атамбаев “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеӊеш быйыл 17-мартта кабыл алган.

Мыйзам дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мыйзамдуулукту өркүндөтөт.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору өкмөттүн, дене тарбия жана спорт, билим берүү, саламаттык сактоо  чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү