Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, жер көчкүдөн жапа чеккен Кызыл-Туу айыл аймагынын эки участкасынын жашоочуларын коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Министр билдиргендей, жаратылыш кырсыгынан кыйраган үйлөрдүн жашоочулары ар кайсы мезгилде ссудаларды жана жер тилкелерин алышкан. Алар жашаган аймактын коркунучтуу экендиги тууралуу эскертүү берилген.
Мамлекет башчы ӨКМ калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү тийиш экенин белгиледи. Президент куткаруучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаратылыштын ар кандай кырсыктарына кириптер аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү зарыл экенин айтты.