Бүгүн Бишкек шаарынын туулган күнү. Шаар макамын алганына 138 жыл толду. Алгач Пишпек деп аталып, кийин Фрунзе ысымын алып жүргөн. 1991-жылы тарыхый Бишкек деген атын кайра алган. Бишкек деген кимдин атынан коюлган? Saat.kg айтып бермекчи.

Борборубуз Бишкек деген баатырдын ысымын алып жүргөндүгү жөнүндө көпчүлүк биле бербесе да керек.

XVII-XVIII кылымдарда кыргыздар менен калмактар көп согушканы белгилүү. Калмактардын арты-атынан койгон чабуулунан кыргыздын сарбагыш-солто уруулары бүт бойдон өз ата конушу Чүй, Ысык-Көл, Теңир-Тоону таштап, бери жагы Таш-Көмүр, андан ары Аксы, Ала-Бука, Анжиян менен Наманган алды Гиссарга чейинки жерлерге жайгашкан.

Санжыра маалыматтары боюнча, солто урусу Ала-Бука жергесинде конуш алат. Аталган уруудан чыккан Кенен баатыр Ала-Бука жергесинде уулдуу болот. Энесинин толгоосу ал сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат. Ушундан улам балага Бишкек деген ат коюлат. Ошентип баатыр болжол менен 1702-жылы түштүк жергесинде жарык дүйнөгө келип, ошол жерде эр жетип, калмак баскынчыларына каршы күрөштө түштүктө баатыр катары таанылган.

Бишкек баатыр

1733-жылы кыргыз-казактын колу биригип, Бишкек баатыр душмандын аскерин жарып өтүп, аларды жеңет. 1746-жылы калмактар Кыргызстандын түштүгүн басып алышат. Бул согушта да Бишкек жана башка баатырлар башында турган кыргыз эли калмактарды Фергана өрөөнүнөн кууп чыгышат. 1757–1758-жылдары кытай менен калмак согушунан аман калган калмак жоокерлеринин чоң тобу Ферганага кире качышат. Буларга каршы күрөштү Бишкек жана башка баатырлар жеңишкен.

Бишкек баатырдын түштүк жергесинде катышкан акыркы согушу 1759-жылы калмак качкындарын жазалоо шылтоосу менен Фергананын чыгыш бөлүгүнө чейин кирип келген кытай армиясы менен беттешүү согушу болгон. Бул күрөштө да кыргыздар менен кокондуктардын биргелешкен колу кытай аскерин кырып салган. Ошондой эле Бишкек баатыр Жайыл баатыр менен 1770-жылы 30 миң аскери менен кыргыздарга кандуу чабуул жасаган казактын Аблай ханынан Чүй өрөөнүндө жашаган кыргыздарды сактап калган.

Калмактардын биротоло мамлекети жоюлгандан кийин Солто уруусу Чүй өрөөнүнө көчүп келип, кыштоо, жайлоо бөлүштүрө баштаганда Бишкек баатырдын энчисине адегенде Аламүдүн өрөөнүнүн үстүндөгү Чуңкурчак деген чакан жайлоо тиет. Муну кыргыздын алгачкы тарыхчылары  Осмонаалы Сыдык уулу жана Белек Солтоноев  өз киептеринде белгилеп кеткен.

Түштүктө жашап дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүк менен сооданын маанисин жакшы түшүнгөн баатыр жаз алды менен Аламүдүн суусунун куймасындагы Төрт-Күл деген түзөңгө (азыркы Ысык-Көл кинотеатры) болжол менен 1760-жылдары өзүнүн 5 уулу менен көчүп келип, адегенде анжияндыктардыкына окшоштуруп, ылайдан там салат. Жол тарткан соодагерлерге Кытай, Индия, Самаркан, Ташкен, Иран, Кавказга өткөндө Бишкектен өргүү алып, эс алуусу үчүн кербен сарай салат. Устакана курат, жер иштетип, жемиш багын тигет, бакча айдайт, чөп чаап, дан өстүрөт. Канал каздырат, дарыя нугун буруп дыйканчылык кылат.

Ал конуш алган жердин тегерегине акырындап башка адамдар да көчүп келип, Бишкектикине окшоштуруп там салып отурукташа баштайт. Бишкек устачылык менен катар аштык айдап, бакча тигүүнү өздөштүрүп, бул кесипти элге жайылтат. Ошентип, Бишкектин конушунун айланасында дыйканчылык менен кесип кылган жарым көчмөн эл жашаган кыштак пайда болгон. Кимдин жери Бишкектин жери деп айтылып жүрүп кыштак Бишкек аталып кеткен.

1825-жылы Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элден алык-салык жыйнап туруш үчүн чеп курган да аны Бишкек деп атаган.

Бишкек чеби

1862-жылы Байтик баатыр баштаган кыргыз жигиттери Алматыдан келген орус аскерлери менен кошо чепти биротоло талкалап, анын жанына орус аскер горнизонун курат. Чүй өрөөнү Орусияга толук баш ийгенден кийин Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында Пишпек уезди түзүлгөн. 1878-жылы Бишкек шаар макамын алып, уезддин административдик борбору болуп калган. Шаардын аты өзгөрбөй ошол боюнча калган. Орус бийлиги тарабынан шаарга ар кандай майда ишканалар, имараттар салынып баштаган да, шаар гүлдөп өскөн.

Эски Бишкек

Бишкек шаарынын өсүшү Советтер Союзунун мезгилинде Кыргыз ССРинин административдик борбору деп таанылгандан кийин өнүгүүгө карай бет алган. Шаар республиканын административдик, өнөр жайдык, илим-билим, агартуу, маданияттын борбору болгон. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган кезде да Бишкек мурдагы макамын сактап калды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү