2016-жылдын 31-мартына карата КРнын Германияга болгон жалпы карызы 86,3 млн еврону түзгөн. Карыздын кечүүнүн бир себеби, бөлүнгөн каражаттар максаттуу иштетилип, канааттандыраарлык жыйынтык көрсөткөндүктөн ишке ашкандыгын белгиленди.
Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, Германия Федеративдик Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф Шольц аталган суммадагы карыздын жоюлаарын кабарлады.
Тараптардын жыйынында карыздарды конверсиялоо жөнүндө да сүйлөшүүлөр болуп, анын экинчи жана үчүнчү этабы талкууланды.
2010-жылдан баштап 5 млн евро суммасындагы карызды конверсиялоонун экинчи фазасы ишке киргизилген. Калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана айыл жергесиндеги турмуш шартты жакшыртуу максатында бюджеттен 2,25 млн евро өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
14 социалдык объект — 4 мектеп, 7 ФАП, 2 спорт зал жана 1 бала бакча курулган.
Үчүнчү этабы коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыкты төмөндөтүүгө арналган. 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, КРнын өкмөтүнүн бюджетинен 3,8 млн евро бөлүнгөн. Долбоордун үчүнчү этабы Коомдоштуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан ишке ашырылган.
Аталган долбоор 20 социалдык объектти курган. Анын ичинде 7 спорт зал, 11 ФАП, 1 бала бакча, 1 мектеп курулган. Өлкө аймагында 11 млн жашыл көчөт отургузулган.