Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин жана ЭККМКнын курамынан турган мекемелер аралык тергөөчүлөрдүн тобу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомун тинтүүгө алышты.

Аталган компанияда акча каражаттары жана активдер «мыйзамсыз жол менен алынган» деген каржы эрежелерин бузуу фактысы катталгандыктан тергөө иштери жүрүп жаткан.

Тинтүүнүн максаты — кылмышка тиешеси бар делген документтерди, буюмдарды жана башка маалымат камтылган буюмдарды табуу болгон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, жакында ишкананын башчылары жана кызматкерлеринин катышуусу менен да тергөө иштери жүрүп баштайт.

 

Бөлүшүү