Бүгүн Бишкек шаарынын 138-жылдык маарекеси белгиленди. Майрамга карата “Бишкек куранты” жаңы добуш менен жаңырды.

Сааттын добушунун алмашуусун Бишкек мэриясынын, «Кыргызтелеком», «Биринчи радио» жана КТРКнын жетекчилиги Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата иштеп чыккан.

Куранттын үнү темир комуз жана комуздун коштоосунда болуп, эртең мененки саат сегизден тарта ар бир саат сайын кечки тогузга чейин кагылат.