Адатынча кышында алтын казуу иштери токтоп турат. 22-апрелден фабрика толугу менен иштеп баштады.
“Солтон-Сары кени” филиалынын алтынды бөлүп алуу фабрикасында күнүнө 100 тоннага чейин кен иштетилет. Учурда ишканада 152 киши эмгектенет.
План боюнча токтотулуп турган мезгилде фабрика толугу менен оңдолуп чыкты деп “Кыргызалтын” ААК маалымдады.