Крым Татарларынын Улуттук Межилисин ишмердүлүүгүнө Орусия тарабынан тыюу салынышы батыш укук коргоочуларынын ар кандай сындарын жаратты. Бирок түрк тилдүү мамлекеттерде эч кандай пикир билдирип, каршылык акциясы өткөрүлгөн жок. 

Крым жарым аралындагы жергиликтүү татар калкы орус жана украин элинин көчүп келүүсү менен азчылыкты түзүп калган. Орусия падышачылыгы жана СССР мезгилинде бийлик  тараптан татарлар көп куугунтукка кабылган. Советтер Союзу кулагандан кийин 1991-жылы крым татар элинин экинчи бүткүл дүйнөлүк Курултайынын чечиминин негизинде Крым Татарлардын Улуттук Межилиси түзүлгөн.

1999-жылы Украинанын парламенти тарабынан мыйзамдаштырылып өз ишмердүүлүгүн кеңейткен.

2014-жылы Украина бийлиги кулагандан кийин жарым аралды Орусия аннексиялап алган. Орусияга кошулууга аймактагы жалгыз каршылык көрсөткөн уюм болгон. Март айындагы Орусияга кошулуу жөнүндөгү референдумга байкот жарыялаган.

Крым Орусияга кошулгандан кийин крым татарлардын лидери Рефат Чубаровго куугунтуктоо башталып, алардын айрымдарын кылмышкер деп атоо менен федералдык издөө жарыяланган. 2014-жылы жай айында Межилистин мурунку төрагасы Мустафа Жемилевдин Крым аймагына кирүүсүнө тыюу салынып, быйыл ага федералдык издөө жарыяланган.

Сүрөт: haber10.com Крым Татарларынын Улуттук Межилисинин төрагасы Рефат Чубаров
Сүрөт: haber10.com Крым Татарларынын Улуттук Межилисинин төрагасы Рефат Чубаров

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту крым татарларынын Элдик межилисин экстремисттик уюм деп тапты. 26-апрелде Жогорку сот ал чечимдерди кубаттады. Орусиянын Юстиция министрлиги өткөн жумада межилисти экстремисттик уюмдардын катарына кошкон.

Крым татарларынын лидерлеринин бири Рефат Чубаров межилис Киевге көчүрүлүп, Украина баш калаасында ишмердигин толук кандуу улантаарын маалымдаган.

Саны эки жарым миллионго жеткен крым татарлары жарым арал калкынын 12% түзөт. Көптөгөн татар активисттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин аймактан чыгып кетишкен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Москванын крым татарларына карата кысымын сындап келет.

Украина президенти Петр Порошенко бул маселе боюнча Европа Биримдигинин башчысы Доланд Туск менен талкуулаган. Прошенко өз сөзүндө бүт дүйнө буга каршылыгын билдириш керек экендигин белгиледи. Ошондой эле Европа Кеңешинин парламенти Крым татарларына карата көрсөтүлгөн зомбулук катары баалады.

Европа Кеңеши

Ал эми түрк тилдүү мамлекеттер өз пикирин билдирбей, бейтараптыкты сактап келишүүдө.

Теги боюнча крымдык татар, учурда Түркиянын Чанкыры шаарындагы Чанкыры Каратекин университетинде иштеген, эл аралык мамилелер боюнча илимдин доктору  Сезаи Озжеликтин пикири боюнча Крым Татар Улуттук Межилисинин жоюлушу бир гана түрк элдерин эмес, дүйнө элдери көңүл бура турган нерсе экендигин белгиледи.

Сезаи Озжелик

«Түркия башында турган түрк мамлекеттери жана элдери крым татарларына жардам бериш керек. Бүгүнкү күндө, тескерисинче, Орусиянын саясатын колдоп жаткандары жаңылыштык, түрк элдеринин келечегине балта чапкандык. Крымды Орусия анкециялап алганда да колдошту, эми дагы колдоп берсе анда крым татарларынын күнү бүткөндүк», — деп ал Saat.kg менен пикирин бөлүштү.

2014-жылы 11-мартта жергиликтүү орус улутундагы калк көз карандысыз республика деп жарыялап, 18-мартта элдик референдум өткөргөн. Референдум жыйынтыгы боюнча Крым өз каалоосу менен Орусия Федерациясына кошулган.

Крымдын Орусияга кошулуу референдумун Армения, Кыргызстан жана Казакстан тааныган. Ошондой эле көп мамлекет тааныбаган Орусия таасиринде калган Абхазия, Түштүк Осетия, таанылбаган Тоолуу Карабак автономдуу республикасы референдумду колдогон.

Азербайжан улуттук илимдер академиясынын укук таануу боюнча башкы адиси Файг Елекберов Орусия өз боордошторунун укугун коргоп жатат, эмне үчүн биз коргой албайбыз деп билдирди.

Файг Елекберов

«Крым татарлардын укуктарынын тебеленишине Түрк тилдүү мамлекеттер реакциясын көрсөтүш керек. Крым татарларын Түркияга жайгаштыруу көйгөйдөн чыгуу жолу эмес. Андан чыгуунун бирден бир жолу түрк мамлекеттери бир тууган элди колдоп, өз талаптарын Орусияга коюш керек. Орусия Крымдагы, Молдовиядагы, Украинадагы орус тургундарынын укуктарын коргоп жатат, эмне үчүн түрк тилдүү мамлекеттер бир тууган элди коргой албайбыз», — деген ойдо.

Түрк тилдүү Кыргызстан жана Казакстан Орсия менен ЖККУ жана ШКУга мүчө, бул арада кайсы тарапты колдош керек деген суроого Казакстандын Чымкент шаарындагы тарых мугалими болуп иштеген Өмүр Шыныбек уулу крым татарларынын укугун коргош керек экендигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Казакстан бейтарап болуп отурат. Мындай болбош керек, өз пикирин билдирип, Крым татарларын коргош керек. Алар өз жеринде кор болуп жатат. Кыргызстан менен Казакстан ЖККУга мүчө болсо эле Орусияны колдой бериш керекпи? Эгер ал биздин боордош элдерге терс таасирин тийгизсе чыгып кетиш керек», — дейт ал.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жасаган жок. Ал эми Казакстан жана Өзбекстан да өз пикирин билдирбей, бейтараптыкты сакташууда. Түркмөнстан менен Азербайжан да бул абалда турушат. Түркия апрель айынын ортосунда каршы пикирин билдиргени менен азыр расмий билдирүү жасай элек.

Кыргыз республикасынын мурдагы тышкы иштер министири болуп иштеген Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан өз элинин укугун коргой албаган мамлекет башка элдин укугун коргой албасын белгиледи.

«Менин оюмча, бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги кыргыздардын укугун ойлонуш керек. Биринчиден, Кыргызстан жарандардын негизги укуктарын коргоо үчүн конкреттүү иштерди жазаш керек. Ошондо гана крым татарлары үчүн өз пикирибизди билдирсек болот. Биздин ички саясат оңолбосо, үнүбүз эл аралык коомчулука чон таасир бералбайт», — деп Saat.kg менен ой бөлүштү.

Ушул жылдын 28-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясы 2014-жылы 18-мартта өткөн Крымдагы референдум боюнча чечим кабыл алды. Анда референдумду мыйзамдуу же мыйзамсыз деп таануу 100 өлкөнүн БУУдагы өкүлү добуш берди. Андагы көпчүлүк добуш менен референдум мыйзамсыз деп таанылып, Крым Украинанын аймагы катары көрсөтүлгөн.

Бирок Башкы Ассамблея көтөргөн бул маселеге Армения, Белоруссия, Боливия, Куба, Түндүк Корея, Сирия, Судан, Зимбабве, Венесуэла жана Никарагуа жалпысынан 11 өлкө каршы чыгып, Орусиянын позициясын колдогон.

Ал эми Казакстан жана Өзбекстан бул маселеде өздөрүн оолак кармаса Кыргызстан жана Түркмөнстан добуш берүүгө катышкан эмес. Түркия жана Азербайжан референдумду мыйзамсыз деп таанууга добушун берген.