Эгер биздин аталар оруска кошулабыз деп башында кат жазбаганда, элчи жибербегенде  анда орус келип бизди кырмак эмес. Бул туурасында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде «Үркүндү эскерүү боюнча Кереге-маек» аттуу илимий жыйындын катышучуулары белгилешти.

Сүрөт: saat.kg. КЭУнун проректор
Сүрөт: saat.kg. КЭУнун проректор

Анда сөз сүйлөгөн КЭУнун илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Көбөгөн Атышов Кыргызстандын негизги өнөктөшүбүз Орусия, азыр ал жакта 1 млндон ашуун кыргыз иштеп жүрөт деген оюн айтты.

«Эгер биз бул тарыхый окуяны козгоп, оруска каршы көтөрүп чыгып алсак, обочолонуп калабыз. Окуянын чыгышына биз кыргыздар өзүбүз күнөлүүбүз. Эгер оруска кошулабыз деп башында өзүбүз чакырбаганда, анда орус келип бизди кырмак эмес», — деп билдирди.

Андан тышкары, жыйынга президенттик апараттын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты.

Жыйында талкууланган маселелердин бири 1916-жылдагы окуяларга тарыхый объективдүү баа берүү тууралуу каралды. Кыргызстандын президентинин аппаратынын эксперти Түмөнбаев Шаазада 1916-жылдын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө баяндама жасады.

ПРезиденттик апараттан эксперт

«Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 1916-жылдагы окуяларга тарыхый объективдүү баа берүү жарлыгы чыккан. Анын негизинде окумуштуу-тарыхчылардан турган комиссия иштеп жатат. Азыр кайсы бир топ аталган окуяны геноцид деп аташ керек деп упай топтоп алгысы келгендер бар. 100 жылдыктын белгилөө жарлыгы да геноцид деп атагасы келгендерге жооп берүү катарында уюштурулуп жатат», — дейт ал.

Ал эми айылдаштары, атасы, чоң атасы көтөрүлүшкө катышып, Кытайга качып барып келгендердин өз оозунан уккандарга таянуу менен көтөрүлүштө кыргыздар күнөөлүү, алар биринчи баштаган деп билдирди Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну Аваз Табалдиев ак сакал.

1916-жылда үркүнгө атасы катышканын уккан Күрмөнтүлүк айыл аксакалы

«Көтөтрүлүштүн чыгуу себептерине кыргыздар күнөөлүү, орус өлкөсүнүн курамында болгондон кийин падыша талап кылган жарлыкты аткарыш керек болчу. Алар согушка барган эмес, алар эмгек армиясына, тыл жумуштарына барышмак. Экинчиден, кыргыздын байлары балдарын жибербей, кедей-кембагалдарды жөнөтүшкөн. Ошондон улам, кедей кыргыздар көтөрүлүп кетти», — дейт ал.

Анын айтымында, атасы дагы Кытайга качып барып келген. ө

«Анын инилеринин айтымында, Күрмөнтү айылынын бир коктусунда бир орус бал өндүрүп иштечү экен. Орустар менен уруш башталып, Кытайга качып бара жатып, кайра жанагы орус абышканы өлтүрүп кетишиптир. Ошолорду айтып биз акмакпыз, бизден күнөө кетти деп айтышчу», — деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө айрым мугалимдер, студенттер геноцид деп атоо тууралуу сунуштарды беришти. Бирок көпчүлүк тарабынан ал четке кагылып, геноцид деп атасак, биз обочолонуп калабыз, орус менен душмандашпайлы деген пикир менен ал терминди алып салуу боюнча да сунуштар киргизилди.

Бөлүшүү