Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 1-майда, айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-майда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. 3-4-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт.