3-май эл аралык басма сөз эркиндик күнү. “Чек арасыз кабарчылар” уюму сөз эркиндиги боюнча иликтөөсүндө Кыргызстан 2016-жылы былтыркы абалынан үч баскычка жакшырганы анык болгон. 180 мамлекеттин ичинен 88-орунга ээ болду деген менен бейөкмөттүк уюмдар сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп жатканын айтышууда. Былтыр болсо Вашингтондогу Freedom House уюмунун изилдөөсү боюнча, 199 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 148-орунга илинген. Бул көрсөткүч менен өлкөбүз “басма сөз эркиндиги жок” деген тизмеде болгон.

Бир кезде Орусиянын мамлекеттик Думасында Владимир Жириновский “Асаба” гезитин трибунадан депутаттарга көрсөтүп, «Вот она маленькая Киргизия, где цветет настоящая демократия!» деп кыйкырганын Мелис Эшимканов айтып жүрчү. Ал нерсеге Акаевдин убагында ошол гезитке Акаевди сындаган материалы чыкканы себеп болгон. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу сөз эркиндиги жогору. Бирок ошол учурда Акаевдин убагында билинер-билинбес кысымдар жасалып келсе, андан кийинки Бакиевдин тушунда билдирип эле кысымга алганын көпчүлүк айтып жүрөт.

Азыр кандай?

Акаев, Бакиевдин бийлиги тушунда сөз эркиндиги менен күрөшкөн Замира Сыдыкова, Нарын Айып аттуу журналисттер дагы деле күрөшүүдө. Алар жакында эле сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүштү. Акыркы учурларда сөз эркиндигине бийлик тарабынан чоң коркунучтар түзүлүп, журналисттерди сабап кетүү адатка айланганын айтышты. Ошондой комитеттин мүчөлөрү азыркы бийликтегилер көз карандысыз басылманы рейдерлик жол менен басып алышканын билдиришти. Ошол комитеттин өкүлү экс-депутат Бегалы Наргозуевдин билдирүүсү боюнча, көп ММКларга оппозиционерлердин пикирлерин жарыялабоо боюнча «кара тизме» берилип, көзөмөлгө алынган.

“Журналисттер өздөрүнө-өздөрү цензура киргизүүгө мажбур болушууда. Мына, ошондуктан, Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо муктаждыгы эң башкы планга чыкты. Эгер биз сөз эркиндигин коргобосок, атамбаевчилер кыргыз эли 20 жылда тапкан демократиялык жеңиштердин баарын тебелеп-тепсеп өз кызыкчылыктарына тартып алганы жатышат”, — деди ал.

Ошол эле учурда акыйкатчы, КТРКнын экс-директору Кубат Оторбаев парламенттик жыйында жылдык отчётун берип жатып, сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп жатканына кошулбай турганын айткан.

Күнөө журналисттердеби?

Акыркы кезде жеке менчик бир партиянын же бир күчтүн камчысын чапкан ММКлар көбөйүүдө. Ушундан уламбы, коомчулукта журналисттер бир жактуу маалымат таратат, акчага иштейт, бирөөнүн кызыкчылыгын коргойт деп айткандар болууда. Президент Атамбаев дагы журналисттерге болгон нараазычылыгын дайыма айтат. Ал окуяларды чагылдырып, өлкө жөнүндө жазган журналисттер жоопкерчиликти сезиши керек экенин белгилейт. Ошондой эле журналисттерди ушак таратпоого чакырат.

Сөз эркиндиги кантип корголот?

Жаңыдан түзүлгөн комитеттин билдирүүсүнө ылайык, эми алар бийликтен куугунтукка кабылгандарга укуктук кеңеш берүү, бекер адвокат таап берүү, эл аралык уюмдарга кайрылуу сыяктуу ар түрдүү жолдор менен коргойт. Мындан тышкары, ар кандай акцияларды уюштурушат.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКО чечими менен 3-май эл аралык сөз эркиндиги күнү деп жарыяланган.