Мындай кадамга Орусия аскер күчтөрүнүн машыгуусуна карата чек араны бекемдөө үчүн болгондугун АКШнын коргоо министрлигинин биринчи орун басары Роберт Уорк  The Wall Street Journal газетасына билдирген.

«Орусия көптөгөн аскер күчтөрүнүн катышуусунда Балтика (Латвия, Литвия, Эстония) өлкөлөрүнүн чек арасында тынбай өткөргөн машыгуулары себеп болгон. Биздин көз карашыбызда, бул чагымчылдыкка алып келе турган көрүнүш болууда. Аталган күчтөрдүн 2 батальону АКШга, калган экөөсү Германияга жана Улуу Британияга таандык», — деп билдирген министрдин орун басары.

ТАСС агенттиги белгилегендей, Чыгыш Европага немис аскерлеринин жөнөтүлүшүн Германиянын коомчулугу колдогон жок. «Бертельсманн» фондунун жүргүзгөн сурамжылоосунда 50%га жакын немис эли НАТОнун Чыгыш Европага жибере турган аскердик планын колдоого албагандыгы көрсөтүлгөн.

Балтика өлкөлөрү кошумча аскер күчтөрүн жибере тургандыгын суранган эмес. Бир гана коопсуздук үчүн кошумча күчтөрүнүн болуп турушун белгилешкен.

Кийинки күндөрү НАТО менен Орусия ортосунда тымызын тиреш күчөп бара жатат. Орусия тышкы иштер министрлиги Швециянын НАТОго кошулуусуна өз чарасын көрөөрүн билдирсе, кече АКШнын жарандык учагына Орусиянын аскердик учагы 30 метр аралыкка чейин жакындап келип, Пентагон тарабынан эскертүү берилген.