ОшМУнун Конфуций институтунун жаңы окуу имаратынын жана жатаканасын куруу иши башталды. Окуу корпусу жана жатаканасы жер төлөсү менен биргеликте 6 кабаттан турат жана боз үй тибинде салынат.
Курулушка Кытай Эл Республикасындагы Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы тарабынан 800 миң доллар грант бөлүнгөн. Учурда тендерден утуп алган «Элитстрой» ЖЧК курулуш компаниясы ишин жүргүзүүдө. Имараттарды ушул жылдын сентябрь айында колдонууга берүү пландалган.
Мындан үч жыл мурун Кытай менен бирге ачылган Конфуций инистутунда 300гө жакын студен билим алат. ОшМУнун Конфуций институту кытай тараптан быйылкы жылы “Үлгүлүү Конфуций институту” деген статуска ээ болгон.