Жер көчкү бүгүн таңкы саат 5:30дар чамасында Алмалуу-Булак айылында жүрдү. Жергиликтүү тургундар билдиргендей, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Аймакка райондук коммисия жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү чыгып кеткени кабарланууда.

27-апрелде саат 18:00 чамасында жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкү астында 2 бала калып, бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калган. Ал эми 15 жаштагы өспүрүм көчкү астында калып каза болгон.

Бөлүшүү